"Салык чек" тиркемесинде убактылуу үзгүлтүк болушу мүмкүн
RU

"Салык чек" тиркемесинде убактылуу үзгүлтүк болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-апрелге чейин Салык кызматынын системасын оптималдаштыруу боюнча техникалык иштер жүргүзүлөт. Буга байланыштуу "Салык чек" мобилдик тиркемесинин иштөөсү убактылуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн дешет Мамлекеттик салык кызматынан.

"Эгерде, кассалык чекти сканерлөө же маалыматтарды кол менен киргизүү мүмкүн болбосо, чекти сактап, 1-2 күндөн кийин кайрадан сканерден өткөрүңүздөр. Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - дейт мамлекеттик ишканадан.

Белгилесек, март айынын аягында Салык кызматынын лотерея оюнунун экинчи этабы башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11570