Мэрия №1 мектеп-гимназиядагы чырдын себебин айтты
RU

Мэрия №1 мектеп-гимназиядагы чырдын себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги А.Каниметов атындагы №1 мектеп-гимназиядагы чырдын себеби эмне экенин мэриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, шаардык мектеп-интернаттардагы балдардын жашоосу жана билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук, социалдык жактан колдоонун бирдиктүү формасын түзүү жана мыкты шарттарды түзүү максатында №1 мектеп-интернатын кайра уюштуруу чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу жетим жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар тарбияланган Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-комплекси менен №1 гимназия биригет.

Учурда №1 мектеп-интернатынын мугалимдери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга Бишкектин мектептеринде жашаган жери же кызматкерлердин башка каалоосу, ээлеген кызматы эске алынып, башка жумуш сунушталууда.

Мэриядан кошумчалашкандай, мурдагы директор Н.Маткановага карата шаардык прокуратурага, Бишкек шаардык кеңешине аталган интернаттын кызматкерлеринен мекемедеги орун алган мыйзам бузуулар боюнча арыздар түшкөн. Билим берүү башкармалыгы тарабынан №1 гимназия-интернатынын ишмердүүлүгүн текшерген мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Текшерүүдө тамак-ашты уюштурууда одоно мыйзам бузуулар, кадрдык жана уюштуруучулук иштерге бирдиктүү мамиленин жоктугу аныкталган.

Матканова Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча бир нече жолу одоно бузуулар үчүн кызматынан бошотулган. Ошол эле учурда ал документтерди, кеңсени тапшыруудан баш тартып, директордун милдетин аткаруучунун ишине да тоскоолдук кылган.

Эске салсак, 17-апрелде №1 мектеп-гимназиянын окуучулары плакаттарды көтөрүп алып, митингге чыгышкан. Алар мурдагы жетекчини ордунда калтырууну талап кылышкан. Окуу процессинин үзгүлтүккө учурашы жана балдардын чыр-чатакка тартылышы үчүн күнөөлүүлөр кандай жоопкерчиликке тартыларын мэриядан азырынча кабарлаша элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11642