Азимбек Бекназаров: Мен келерки 23-февралга чейин чыгып, президент болом
RU

Азимбек Бекназаров: Мен келерки 23-февралга чейин чыгып, президент болом

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-апрелде алты ай мурун кармалган мурдагы башкы прокурор, Малайзиядагы мурдагы элчи Азимбек Бекназаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилип, баш коргоо чарасын узартуу же өзгөртүү боюнча соттук отурум өттү.

Айтымында, ал 23-февралда эркиндикке чыгышы керек болчу, бирок кийинки 2024-жылдын 23-февралына чейин чыгып, президент болот.

"Бүгүнкү соттон эмнени күтсөк болот? Эки дос кандай чечим чыгарбасын, ошондой болот. Тергөө жок, салык төлөөчүлөрдүн акчасын жеп отурабыз", - деди Бекназаров.

Бекназаров аксакалдардын бири катары акыркылардан болуп абактан бошотулушу керектигин белгиледи.

"Адегенде Рита Карасартованы, андан соң жаштарды, калгандарынын аягында мен аксакалдардын бири катары эң акыркы болуп чыгышым керек", - деди Бекназаров.

Ал эки айга камакка алынган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11665