Мектепте бомба бар деген билдирүүлөр текшерилип жатат. Тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалыма
RU

Мектепте бомба бар деген билдирүүлөр текшерилип жатат. Тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалыма

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин бир нече мектептерине жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Шаардын ар кайсы жерлеринде жайгашкан мектепте эвакуация иштери болду. Бул апта ичиндеги биринчи окуя эмес.

Бишкек ШИИББден билдиришкендей, бардык чогултулган билдирүүлөр жана алар боюнча иштер УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети учурда бул окуялар боюнча комментарий бере элек. 19-апрелде депутаттар бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүшкөн. Алар жардыруучу заттар коюлганы тууралуу билдирүүлөр кадимки эле көрүнүш болуп баратканын айтышкан.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 18-апрелде 52 билим берүү мекеменин электрондук почталарына жардыруучу зат тууралуу билдирүү түшкөнүн, алардын бири дагы тастыкталбаганын айтат.

Ал эми коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Шаменов жалган билдирүүлөрдү таратып жаткан электрондук даректердин кимге таандык экени аныктала электигин билдирген. "Аккаунттар Украина жана Россиянын аймагында катталган. Биз өнөктөш каналдар аркылуу текшерүү жүргүзүп жатабыз. Бирок ээси ким экенин таба элекпиз. Алар бир эле жолу колдонуулган электрондук даректери пайдаланышкан", - деген Шаменов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11726