Россельхознадзор Кыргызстандан Россияга сүт азыктарын импорттоого тыюу салды
RU

Россельхознадзор Кыргызстандан Россияга сүт азыктарын импорттоого тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россельхознадзор 21-апрелден тарта Кыргызстандын бардык ишканаларында өндүрүлгөн сүт азыктарын Россияга ташууга тыюу салды. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Анда Россельхознадзор ушул жылдын 10-апрелинен 16-апрелине чейин Кыргыз Республикасындагы сүт азыктарын чыгарган ишканаларды текшерүүдөн жана чийки зат базасына – фермаларга жана сүт кабыл алуу пункттарына баргандан кийин "мындай чара көрүүгө аргасыз болгон" деп айтылат.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында республиканын компетенттүү органынын Россияга экспорттолгон сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу жана тастыктоо боюнча ишинин натыйжасыздыгы ырасталды. Тийиштүү мамлекеттик эпизоотиялык мониторингдин, ошондой эле мал чарба продукциясынын сапатына жана коопсуздугуна мониторинг жүргүзүлбөгөнү аныкталды. Россиянын жана ЕАЭБдин мыйзамдарында каралган көрсөткүчтөрдүн көбү лабораториялык изилдөөлөрдүн планына кирбей калган", - деп кабарланат.

Кыргызстандын ишканаларында "чийки заттын келип чыгышына байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес, изилдөө системасы жок" деп да белгиленген.

Ишканалар сүттү документсиз колдонушат, ошондой эле продукцияны маркировкасы жок сакташат.

Кыргызстандын Ветеринардык кызматы сүттү кайра иштетүүчү бардык ишканалардын Россиянын жана ЕАЭБдин талаптарына, стандарттарына шайкеш келүүсүн текшергенден кийин, ошондой эле Россельхознадзорго тиешелүү кепилдиктерди бергенден кийин россия тараптын текшерүүсүнөн соң сүт азыктарын ташууну жандандыруу маселеси карала турганы айтылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11757