Эрдоган кыргызстандык куткаруучуну медаль, элчини грамота менен сыйлады
RU

Эрдоган кыргызстандык куткаруучуну медаль, элчини грамота менен сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга тартылган куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык алгандардын катарында Кыргызстандын Түркия мамлекетиндеги элчиси Руслан Казакбаев жана ӨКМнын улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүнов бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 25-апрелде Түркиянын Анкара шаарында жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын "Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн" жогорку даражадагы мамлекеттик медалын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Ардак грамота тапшырды.

Сыйлоо аземине өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов да катышты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерине катышкан. Алар урандылардын арасынан 8 адамды аман-эсен куткарып, 198 адамдын сөөгүн чыгарышкан.

Мындан тышкары Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11836