Бишкектеги айрым мектептерге бомба бар деген билдирүүлөр түштү
RU

Бишкектеги айрым мектептерге бомба бар деген билдирүүлөр түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-майда саат 11:00 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө №4 мектеп-гимназияда бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жерине ыкчам тергөө топ дароо барып, мектептин аймагы курчоого алынды.

Окуучулар жана мектеп администрациясы эвакуацияланды, кинологдор жардыруучу затты издеп жатышат.

Ал эми түштөнүү убактысынан кийин №33 мектепте жардыруучу зат бар деген билдирүүдөн улам эвакуация болду. Бул туурасында ата-энелер билдиришти.

Эске салсак, 27-апрелде Бишкектеги 28 билим берүү мекемесинде эвакуация болгон. Акыркы жумада мектептерге мындай билдирүүлөр эки жолу түшкөн. Мындай билдирүүлөрдүн көбү №33 мектепке жиберилген.

Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен (видеоконференция режиминде) коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жардыруучу заттар коюлгандыгы жөнүндө жалган малымат тараткандар боюнча жыйын өткөргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11969