Бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдөн улам Акылбек Жапаров жыйын өткөрдү
RU

Бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдөн улам Акылбек Жапаров жыйын өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен (видеоконференция режиминде) коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жардыруучу заттар коюлгандыгы жөнүндө жалган малымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан Үсөнов өз баяндамасында министрлик тарабынан мындай анонимдүү билдирүүлөргө мамлекеттик органдардын реакциясынын алгоритми көрсөтүлгөн тескеме-инструкция иштелип чыкканын билдирди.

Ошондой эле учурда укук коргоо органдарынын техникалык адистери мындай билдирүүлөрдү таратуунун алгоритмдеринин жана жооп берүү үлгүлөрүнүн схемасы сыналып жаткандыгы белгиленди.

Жыйындын соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы бир катар тапшырмаларды берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11917