Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тарткан жигит сабалды
RU

Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тарткан жигит сабалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тартып алган жигитти Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанынан спорттук дене түзүлүштөгү кишилер сабап кетишкен. Жабырлануучунун унаасы да талкаланган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Ал эми Бишкек ШИИББден мушташ болгонун, бирок сабалган жарандын жогорудагы окуяга тиешеси бар, жогун ырасташкан жок. Башкармалыктан маалымадашкандай, 1-майга караган түнү саат 03:31 чамасында шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө Асанбай кичи районунда мушташ болду деген билдирүү түшкөн.

"Жерине ыкчам тергөө тобу чыгып, кийин Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмүнө 1988-жылы туулган Э.А. жана 1987-жылы туулган С.К. аттуу жарандар жеткирилген. Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы такталууда", - дешет маалымат кызматынан.

Kaktus.media`нын маалыматына караганда, жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткан, себеби кол салгандар жердеши имиш. Ал эми тергөө бөлүмүнө жеткирилгендерди милиция бошоткон.

Эске салсак, социалдык тармактарда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун, Курсан Асановдун, Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов менен Ош шаардык спорт комитетинин экс-жетекчиси Кылычбек Саркарбаевдин мааракедеги видеосу тараган. Анда Саркарбаев Матраимовдун колун өөп, талкууга түшкөн.

Кийинчерээк Кылычбек Саркарбаев видео тууралуу комментарий берип, Матраимов анын өкүл атасы экенин, мындай аркетин сый-урматы көрсөтүү деп түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12036