Путиндин резиденциясына кол салуу аракетинен кийин Садыр Жапаров Москвага барабы?
RU

Путиндин резиденциясына кол салуу аракетинен кийин Садыр Жапаров Москвага барабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына дрон менен кол салуу аракети болгон. Мындан улам Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары токтотулушу мүмкүнбү деген суроо жаралып, буга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп бергенин РИА Новости жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаровдун 9-май майрамына карата Москвага сапары токтотулушу мүмкүнбү деген суроого Султанбаев терс жооп берген.

"Президенттин эл аралык иш-чараларынын графиги өзгөргөн жок", - деген Султанбаев журналисттерге.

Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары 8-майга пландалган. 9-майда Россиянын кызыл аянтындагы Жеңиш парадына катышары мерчемделген.

Буга чейин Украинанын президентинин экс-кеңешчиси Алексей Арестович Жапаровду Россияга барбоого чакырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12042