Түнкү клубдун жанында ок чыгарган министрликтин экс-кызматкери үй камагына чыкты
RU

Түнкү клубдун жанында ок чыгарган министрликтин экс-кызматкери үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Suzie Wong түнкү клубунун кире беришинде ок чыгарган Экономика министрлигинин экс-кызматкери үй камагына чыкты. Маалыматты Kaktus.media сайтына Октябрь РИИБден билдиришти.

Белгилүү болгондой, Октябрь райондук соту бейбаштыкка шектелген А.С`ны тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгаруу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

*****

14-майга караган түнү Асанбай кичи районундагы Suzie Wong түнкү клубунун кире беришинде белгисиз адам асманга ок чыгарган. Ошол эле учурда мас абалдагы киши колунда курал менен ары-бери басып башкаларды чочуткан. Ал дароо кармалып, "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон.

Өздүк булактар Kaktus.media редакциясына шектүү Экономика жана соода министрлигинин кызматкери экенин айтышкан. Кийинчерээк аталган министрликтен бейбаштык үчүн кармалган адам төрт күн мурда иштен кеткенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12279