Дмитриевка айылындагы медресе курчоого алынды деген билдирүүнү Муфтият четке какты
RU

Дмитриевка айылындагы медресе курчоого алынды деген билдирүүнү Муфтият четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Дмитриевка айылында бүгүн, 17-майда ок атышуу катталды. Анда аймактагы медресе курчоого алынды деген билдирүүлөр тараган. Муфтияттан бул маалыматты четке какты.

"Мындай маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий маалымдайбыз. Окуя Дмитриевка айылындагы "Зулкарнайн" кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин окуучулары коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда", - дешет Муфтияттан.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн такталган маалыматтарды гана таратууга чакырды.

Белгилесек, Дмитриевка айылында террористти кармоо операциясы жүргүзүлүп, куралдуу каршылык болду. Террористти кармоо операциясын ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери жүргүзүшүп, 2 укук коргоочу жаракат алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12301