Сот "Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызын карап, чечим чыгарды
RU

Сот "Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызын карап, чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча соттук отурум уланды.

Сотко доо арыз менен кайрылууга "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен кетиши тууралуу макала себеп болгон. Жалпы доо 50 миллион сомду түзөт. Анын 25 миллион сому журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынууда. Калган 25 миллион сомду "Вечерний Бишкек" басылмасынын өзүнөн талап кылынган.

Судья Жылдыз Сайдылдаева тараптарды жарыш сөзгө чыгууга чакырды.

"Вечерний Бишкектин" жетекчиси Жайылкадыр Жумабеков талаптарын тизмектеди: сот "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы тууралуу маалыматты, ошондой эле миллиондогон карызы бар жана кызматкерлер иштен алынганы тууралуу маалыматты сот чындыкка дал келбейт деп табышы керек. Ошондой эле Kaktus.media сайтына жана Instagram баракчасына маалыматты төгүндөөгөн билдирүүнү жарыялоону жана мамлекеттик алымды төлөп берүүнү талап кылды.

Айыпталуучу тараптын жактоочусу Нурбек Садыков басылмадагы маалыматтардын баары чын экенин эске салды - 23-майга карата гезиттин бир да саны чыга элек деди.

"Бул басма үйүнүн директорлор кеңешинин жыйынында да тастыкталды. Дүйнө жүзүндө гезиттерди жабуу тенденциясы бар жана "Вечерний Бишкек" бул тенденцияны ырастап жатат. Мамлекеттик органдар миллиондогон доллар карызын тастыктап, имараттын камакта экенин тастыкташты", - дели Садыков.

Адвокат жумуштан бошотулган кызматкерлер ишке кайтпаганын, бул жарыяланган маалыматка дал келерин билдирди.

Тараптардын жарыш сөзүнөн кийин судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип, 2 сааттан кийин "Вечерний Бишкек" жабык акционердик коомунун доо арызы боюнча чечим чыгарды.

Ал доо арызды жарым-жартылай канааттандырууну - банкроттук жөнүндө билдирүүнү чындыкка дал келбейт деп таанууну, ошондой эле жоопкер - Диля Родионовадан 500 миң сом, "Промедиа Плюс" коомдук фондунан - 500 миң сом, мамлекеттик алым - 700 сом өлчөмүндө өндүрүп берүүнү чечти. Доонун калган бөлүгүнөн баш тартты.

Kaktus.media сайтынын редакциясы бул чечимге каршы даттанарын билдирди.

"Kaktus.media редакциясы доогер жараксыз деп табууну суранган бардык сунуштар боюнча далилдерди келтирди. Арасында Мамлекеттик салык кызматынын миллиондогон карызы боюнча документтери, "Кадастрдан" маалымкат бар. Мындан тышкары басылманын директорлор кеңешинин 2022-жылдын 15-декабрындагы чечиминин көчүрмөсүн доогер тастыктаган (гезитти басып чыгаруу 1-январдан баштап токтотулганын, кызматкерлер менен эмгек келишимин бузуу керектигин, компаниянын каржылык кыйынчылыктары болгондугун, мүлкү камакка алынганын). Сот юридикалык жак моралдык зыян үчүн талап кыла албасын эске алган эмес. Мындан тышкары доогер жарнама берүүчүлөр билдирүүдөн кийин агылды дегенин далилдей алган эмес, бирок судья 1 миллион сом төлөөгө милдеттендирүүнү чечти", - деп баса белгиледи Дина Маслова.

Айыпталуучулардын жактоочусу сот чечимди жаздырууга тыюу салганын, бул процессуалдык эрежелерге каршы келерин белгиледи. Бул маселе боюнча жактоочу Жогорку Соттун төрагасына кайрылууга укуктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12456