Кыйноого кабылган Викрам Рузахунов боюнча Алматы соту чечим чыгарды
RU

Кыйноого кабылган Викрам Рузахунов боюнча Алматы соту чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда кыйноого кабылган музыкант Викрам Рузахуновдун иши боюнча Алматы райондук соту чечим чыгарды. Бул тууралуу музыканттын Instagram баракчасында айтылат.

Андагы маалыматка караганда, 19-майда жарандык иштер боюнча райондук сот Рузахуновдун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Казакстандын Ички иштер министрлигине карата доо арызын карады. Анда доогер таратылган маалыматты чындыкка дал келбейт деп таанууну жана расмий түрдө кечирим суроону өтүндү.

"Күбөлөр суралып, тараптардын жарыш сөзүнөн кийин сот доо арызды толугу менен канааттандыруудан баш тартты. Соттун чечимине 10 күндүн ичинде даттануу берилиши мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

*****

Викрам Рузахунов 2022-жылы январь айында Казакстанда орун алган баш аламандык учурунда кармалган. Коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экенин, ал концертке барганын кесиптештери жазышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана ИИМдин жардамы менен музыкант 10-январда өлкөгө алып келинген. Кийин ал окуянын чоо-жайын айтып жатып кыйноолорго кабылганын билдирген. Бул факты тергелип, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Ал эми музыкант коңшу өлкөдөн кенемте талап кыларын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12499