Казакстандагы баш аламандык. Шектүүлөрдүн арасында кыргыздар бар экени айтылды
RU

Казакстандагы баш аламандык. Шектүүлөрдүн арасында кыргыздар бар экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда 2022-жылдын январь айында орун алган баш аламандыкта коңшу өлкөлөрдүн жарандары кылмышка катышкан деп шектелүүдө. Бул туурасында аталган өлкөнүн башкы прокурору Берик Асылов айтканын Tengrinews.kz. жазып чыкты.

Башкы прокурордун айтымында, казакстандыктар менен катар чет элдиктер дагы массалык баш аламандыкка жана башка кылмыштарга катышкан деп шектелүүдө.

"Алардын арасында Өзбекстандын, Россиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бар", - деген Асылов мажилисте.

Ал кошумчалагандай, кармалгандардын арасында деструктивдүү диний агымдын сегиз жактоочулары да бар.

Бул маалыматтан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Twitter баракчасына жооп иретинде билдирүү калтырды. Анда эл өкүлү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кайсы кыргыз жарандары тууралуу сөз болуп жатканын сөзсүз сурай турганын жазды.

Белгилей кетсек, Викрам Рузахунов январь айында Казакстанда орун алган баш аламандык учурунда кармалган. Коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экенин, ал концертке барганын кесиптештери жазышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана ИИМдин жардамы менен музыкант 10-январда өлкөгө алып келинген. Кийин ал окуянын чоо-жайын айтып жатып кыйноолорго кабылганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9818