Адахан Мадумаров: "Садыр Жапаровду сындагандай ал мага күндөш эмес!"
RU

Адахан Мадумаров: "Садыр Жапаровду сындагандай ал мага күндөш эмес!"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 31-майда маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров менен болгон мамилеси боюнча пикирин билдирди.

Депутаттын айтымында, анын президент менен эч кандай мамилеси жок.

"Мен сын-пикирди айткам, айтып келем жана айта берем. Сын айтканда мен анын костюму же батинкеси кыйшык дебейм да. Мен сын айтсам - Конституция, мыйзам жөнүндө, кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтам. А алар менин мүнөзүмдү сындайт. Айырмасы ушунда. Мен мамлекеттик сын айтам, алар жеке менин мүнөзүмө асылып сындашат. Менин адамдык сапатыма асылышат. Мен алардын адамдык сапатына тийишкен жерим жок, алар кабыл алган чечимди сындайм.

Садыр Жапаровдун өзүнө жана үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүлүп жатканда - ошондогу бийликтегилерге сын айткам. Садыр Жапаровду жек көргүдөй ал менин күндөшүм эмес! Жапаровдун атасы каза болгондо топурак салып келгем. Мени бирөө мажбурлаган эмес. "Ошол жакка барып, көрүнүп калсаңыз - өзүңүзгө жакшы эмес болуп калат" деп айткандар да болгон. А мага баары бир, анткени ал - менин каалоом.

Мадумаров каалаган жакка айдаса кете бергидей мал эмес экендигин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12679