Экономикадан Украинага чейин. Садыр Жапаров саммитте эмнелерди айтты?
RU

Экономикадан Украинага чейин. Садыр Жапаров саммитте эмнелерди айтты?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Европа Биримдиги-Борбор Азия саммити өтүүдө. Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчылары менен Евробиримдиктин президентинин экинчи жолугушуусун ачып жатып сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Борбор Азия менен Европа Бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарга жетүүдө олуттуу потенциалга ээ.

Мамлекет башчы өз сөзүндө 2021-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн биринчи Европа Бирлиги - Борбор Азия экономикалык форуму соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн инновациялык жана прагматикалык жолдорун иштеп чыгуу үчүн, ишкер чөйрөлөрдүн жакындашуусу жана иштешине шарттарды түзүү үчүн көп тараптуу кызматташуунун жаңы платформасын ийгиликтүү баштап бергенин баса белгилөө мен үчүн жагымдуу деп билдирди.

"Борбор Азия өлкөлөрү үчүн биздин аймакты экономикалык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү калыптанган бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары калыптандыруу чоң артыкчылыкка ээ болот", - деди Садыр Жапаров.

Ал Борбор Азиянын экономикасынын өсүү кыймылдаткычы катары аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү эсептелерин кошумчалады.

"Бул мега-долбоорду ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш региондоруна, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө жүк ташуу географиясын кеңейтет. Дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен биздин аймактын дүйнөлүк таасир этүүчү борборлордун өз ара жагымдуу аракеттенүүсүн жүзөгө ашырылуучу геосаясий ортомчуга айланышы маанилүү. Борбор Азия менен Европа бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарыбызга жетүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Аймактар аралык көп кырдуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүдө Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясы жана ЕБдин "Global Gateway" демилгеси негиз боло алат", - деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук коридорлор боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы жакын арада чыгары күтүлүп жатканын, ал дагы жакынкы жылдарда тыгыз иштөөгө негиз боло тургандыгын кошумчалады.

"Борбор Азия стратегиялык жайгашуусу менен Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу үчүн чоң потенциалга ээ, муну менен Европа менен Азияны бириктирүүчү хаб болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул эки регионго тең пайда алып келеринде шек жок. Ушуга байланыштуу, бул чөйрөдө кызматташууну натыйжалуу илгерилетүү үчүн транспорттук түзүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштей турган платформаны түзүү сунушун киргизип жатам.

Дүйнөдөгү азыркы курч геосаясий кырдаалга жана жаңы чакырыктардын пайда болушуна карабастан, Борбор Азиянын экономикасы кыйла туруктуу болуп чыкты жана өнүгүүсүн улантып жатат.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аналитиктери тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү боюнча мурдагы божомолдор жогорулатуу жагына кайра каралууда", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз сөзүндө президент Европа бирлиги менен соода кызматташтыгы боюнча өткөн жылы Кыргызстандын ЕБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 76,1%га өсүп, 603,1 млн долларды түзгөнүн, анын ичинде экспорт 60,6%га көбөйүп, жалпысынан 75,8 млн долларды түзгөнүн, ал эми импорт 78,6%га көбөйүп, бул 527,3 млн долларды түзгөнүн белгиледи. Жакынкы келечекте соода жүгүртүүнү гана көбөйтпөстөн, соода балансын теңдештирүүгө да аракеттерин айтты.

"Ошол эле учурда биз санкцияларга дуушар болгон товарлардын белгилүү бир тобуна байланыштуу европалык өнөктөштөрүбүздүн кооптонуусу менен өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз, бул маселе боюнча ЕБ менен диалогду улантууга даярбыз", - деди президент.

Ал Европа Бирлигинин "Европа командасынын" санариптештирүү, суу, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы демилгелерин Кыргызстан колдой турганын баса белгиледи.

"Биздин дагы бир приоритетибиз - бул энергетика. Маалым болгондой, Кыргыз Республикасы Борбор Азия чөлкөмүндөгү дарыялардын башатында турат. Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 миллиард кВт саатты түзөт. Анткен менен учурда жалпы потенциалдын 13%ы гана өздөштүрүлгөн.

Кайра жаралуучу гидроресурстардын эсебинен Кыргызстандагы ири ГЭСтер "жашыл" электр энергиясынын 90%дан ашыгын өндүрөт. Биз суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануу, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге президент бүгүнкү күндө өлкөдө ондогон чакан ГЭСтердин курулушу башталганын айтып, Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте 1860 МВт кубаттуулуктагы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча макулдашууга жетишилгенин белгиледи. Ал бул ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу менен үч өлкөнүн тең энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзүлөт деп эсептейт.

"Биз Австриянын, Франциянын, Венгриянын, Россиянын жана башка мамлекеттердин айрым ири компанияларынын кызыгуусун байкап жатабыз. Жакын арада конкреттүү долбоорлорго чыгабыз деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле бизге суу үнөмдөөчү жаңы технологиялар, инновациялык ыкмалар жана Европада окуудан өтүп келе турган квалификациялуу адистер керек", - деди ал.

Мамлекет башчы акыркы бир нече жылдан бери өлкө калкына жана жаратылышка дагы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири сезилип жатканын баса белгиледи.

Кыргызстандын жана Борбор Азиянын суу ресурстарынын негизги булагы болгон кылымдарды карыткан мөңгүлөр калыбына келгис болуп эрип жатканы байкалууда.

"БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча бул резолюциянын негизинде 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыяланган. "Беш жылдыктын" жарыяланышы тоолуу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына гранттык жардамдарды жана инвестицияларды тартууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Быйыл биз мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоого "жашыл экономика" долбоорлоруна алмаштыруу механизмин колдонуу демилгеси менен да чыктык", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Бүткүл региондун экологиялык проблемаларынын актуалдуулугун эске алуу менен президент климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча консолидацияланган чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп, Европа Бирлиги Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири катары кыргыз тараптын күч-аракеттерин колдооруна үмүт артарын айтты.

Кыргыз Республикасы Борбор Азия менен Европа Бирлигинин ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты жактайт жана бардык жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө биргелешип мамиле кылуу зарылдыгын түшүнүп турат. Борбор Азия, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңги аткезчилиги жана чек ара коопсуздугу сыяктуу коопсуздук көйгөйлөрүнө туш болууда.

"Ушуга байланыштуу биз Борбор Азиядагы чек аралар, баңгизатка каршы күрөш жана укук коргоо жаатындагы БОМКА, КАДАП жана ЛЕЙКА программаларын активдүү ишке ашырууну улантууну маанилүү деп эсептейбиз. Европа Бирлиги менен саясий кызматташтыкты чыңдоо менен биз аталган коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча жамааттык күч-аракетибизди бекемдей алабыз. Кабул бийлиги өлкөнүн толук кандуу аймактык экономикалык өз ара аракеттенүү системасына интеграцияланышы үчүн күн тартибинде турган аймактык жана эл аралык бир катар маселелер боюнча дүйнөлүк коомчулук менен консенсуска келе алат деп үмүттөнүп жатабыз", - деди.

Мамлекет башчы Кыргызстан гуманитардык катастрофанын алдын алууда эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Евробирликтин афган элине колдоо көрсөтүү аракеттерин кубаттай тургандыгын да кошумчалады.

Биз азап тарткан афган элине тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү чын дилибизден каалайбыз жана алар өздөрүн кароосуз калгандай сезбеши керек деп эсептейбиз. Гуманитардык аспект өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, ошондуктан эл аралык коомчулуктун гуманитардык миссиясын улантуу зарылдыгын белгилегим келет", - деп баса белгиледи Президент.

Белгилей кетсек, Чолпон-Атада Кыргызстандын төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммити өтүп жатат.

Буга чейин саммит былтыр 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12736