Депутат: "Асман" курулушуна миллиарддаган каражат жумшалып, Бишкек айылга айланып баратат
RU

Депутат: "Асман" курулушуна миллиарддаган каражат жумшалып, Бишкек айылга айланып баратат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийлик каржы ресурстарын сарамжалдуу эмес пайдаланып жатат, аларды борбор шаарды өнүктүрүүгө багытташ керек, деп эсептейт депутат Жанар Акаев.

Анын айтымында, Бишкектин көйгөйлөрүн чечүү үчүн каржылык инвестиция жана саясий эрк керек. Эки фактордун жоктугунан Кыргызстандын борбору айылга айланып баратат.

"Бишкекте жайында суу жок, кышында түтүн, жолдордо тыгындар, коомдук транспорттордун абалы өтө начар, жаңы курулган мектептер менен бала бакчалар жетишсиз, таштандыларды кайра иштетүүчү завод курула элек, инвесторлор келип жатат. Мындай улана берсе, Бишкек чоң айылга айланат, биз ушуга баратабыз", - деп нааразы болду депутат.

Акаев бийлик акчаны үнөмдөп, сарамжалдуу пайдаланышы керек деп эсептейт.

"5 миллиард сом короттук. Анан кантип короттук билесиңерби? "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингине 3 миллиард сом, "Кыргыз өнөр жайына" 1 миллиард сом топчу, мык чыгарууга, "Кыргызтуризмге" 1 миллиард сом бөлүндү. Асман шаарын да курабыз деп жатабыз, балким "Асманды курууга каражатты Бишкекти өнүктүрүүгө багыттаган жакшыбы? Миллиарддаган долларларды жаңы нерселерге жумшагыбыз келет, бирок балким биринчи Бишкекти иретке келтирсек болот беле?", - деди Жанар Акаев.

Бийликтин көрсөтүшү керек болгон саясий эрк бул - мэрди дайындоо боюнча мыйзамды өзгөртүү деди Акаев. Ал мэрди борбордун тургундары шайлашы керек деп эсептейт.

Эске салсак, буга чейин мэрди Бишкек шаардык кеңеши шайласа, былтыр жаңы Конституцияга ылайык мыйзам өзгөртүлгөн - эми мэрди президент дайындайт.

Бишкек шаарынын мэрин шаар тургундары шайлай турчу мыйзам долбоорунун демөөрчүлөрүнүн бири Жанар Акаев болгон, бирок депутаттар мыйзам долбоорун четке кагышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12832