Жанар Акаев Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетишин талап кылды
RU

Жанар Акаев Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетишин талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетишин талап кылды.

Анын айтымында, депутаттар Конституциялык соттун парламент боюнча жаңы чечимин карап чыгышы керек.

"Эми тергөө парламенттин макулдугусуз эле депутаттарга кылмыш ишин козгошу мүмкүн. Биздин регламентте депутатты айткан сөзү үчүн куугунтуктоого болбойт деп так жазылган. Конституциялык соттун чечиминен кийин биз регламентти өзгөртүшүбүз керек", - деди Акаев.

Депутат Төлөндү Самаков аттуу жаран Конституциялык сотко кайрылганын түшүндүрдү.

"Анын кайрылуусунан кийин соттор жана Министрлер кабинети жарандын пикири менен макул болуу туура болот деген чечимге келишти. Эмне үчүн биздин кесиптешибизге кылмыш иши козголуп жатканын сурашыбыз керек. Бул маселени карашыбыз керек. Мындан ары кантип иштейбиз? Бир гана айыл чарбасын талкуулап эле отура беребизби? Бийлик алмашат, бирок парламент жана негизги мыйзам калат. Конституциялык соттун төрагасы кызматтан кетиши керек", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12690