Эки жашар Егордун сабалышы. Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарды
RU

Эки жашар Егордун сабалышы. Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Сот Сокулук районунда эки жашар Егорду кыйноого айыпталып соттолгон Александр Самаркиндин жактоочулардын арызын карады.

Соттук коллегия жактоочулардын арызын карап, эки төмөнкү инстанциянын өкүмүн жокко чыгарууну жана Самаркинге эки жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү өкүмүн, башкача айтканда, камактан бошотууну чечти.

Белгилей кетсек, буга чейин Сокулук райондук соту судья Манасбек Кулмурзаевдин төрагалыгы алдында соттолуучу Александр Самаркинди КР Кылмыш-жаза кодексинин "кыйноо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы Самаркиндин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз – беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, эки жаштагы Егор катуу сабалган. Баланы ооруканадан чоң энеси алып кеткен. Бул иш боюнча айыпталуучу катары Александр Самаркин болгон. Егордун апасы Алена Чумакова соттолуучуну колдоп көрсөтмө берип, кийин Самаркинден корккондуктан ушундай кадамга барганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12900