"Ала-Тоо" аянтындагы D Billions'тун концертине 40 миңдей адам чогулду (видео, фото)
RU

"Ала-Тоо" аянтындагы D Billions'тун концертине 40 миңдей адам чогулду (видео, фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июнда Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында D`Billions тобунун алгачкы концерти өттү.

Фестиваль саат 10:00дө башталып, кечке чейин уланды. Башкы сахнада кыргыз эстрада жылдыздары: Мирбек Атабеков, Толгонай Арзыкеева, Арсен, Тамга, Омар, Баястан feat Leggo, Нурлан Насип, Атай Өмүрзаков жана башкалар болушту.

Ал эми балдар фестивалынын негизги окуясы D`Billions музыкалык тобунун концерти болду. Квартет өздөрүнүн хиттерин аткарышты. Айрым маалыматтарга караганда, алардын алгачкы концертин көрүү үчүн аянтка 40 миңдей адам келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12707