Пригожин Лукашенко менен сүйлөшүүдөн кийин: Биз артка кайтабыз
RU

Пригожин Лукашенко менен сүйлөшүүдөн кийин: Биз артка кайтабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Евгений Пригожин 24-июнда жалданма аскерлер колонналарды артка буруп, лагерге кайтарын билдирди. ЧВК "Вагнердин" негиздөөчүсүнүн билдирүүсү "Пригожиндин пресс-кызматы" Telegram-каналында аудио форматта жарыяланды.

"ЧВК "Вагнерди" таратуу аракети болгон. Ошондон улам 23-июнда акыйкаттык маршына чыктык. Күндүз Москвага чейин 200 чакырым жөө жүрүш жасадык. Бул убакыттын ичинде биз согушкерлерибиздин бир тамчы канын төккөн жокпуз. Азыр кан төгүлө тургандай учур жаралды. Ошондуктан жоопкерчиликти түшүнүп, колонналарыбызды артка кайтарып, карама-каршы тарапка план боюнча талаа лагерлерибизге кайтабыз", - деген.

Пригожин Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү жана алар боюнча жетишилген макулдашууну ырастады.

Бул билдирүүгө чейин Беларусь президентинин басма сөз кызматы Пригожин Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жалданма аскерлердин кыймылын токтотууга макул болгонун жарыялагандан көп өтпөй айтылды. Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөр бир күн бою уланып, анда согушкерлер үчүн коопсуздук кепилдиги менен кырдаалды жөнгө салуунун абсолюттук пайдалуу жана алгылыктуу варианты каралды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13078