"Салык чек" лотереясынын бүгүнкү оюну белгиленген убакытта башталган жок. Себеби
RU

"Салык чек" лотереясынын бүгүнкү оюну белгиленген убакытта башталган жок. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-июнда "Чек талап кыл – байге утуп ал!" лотереясынын түз эфири башталар алдында үнгө байланышкан техникалык көйгөйлөр жаралды. Мындан улам саат 14:00дө убада кылынган түз эфир болбой калды.

Учурда техникалык адистер эфирдин көйгөйсүз өтүшү үчүн үндү оңдоп жатышат. Алар көйгөй интернеттин сапатында жана ылдамдыгында экенин билдиришкен.

Саат 16:00гө карата мүчүлүштүктөр жоюлуп, утуштарды ойнотуу дээрлик 2 саатка кеч башталды.

Эске салсак, 26-июндан 30-июнга чейин 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана төрт Dyson сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү күн сайын түз эфирде аныкталат.

Оюндар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында өтүп, анда 10 электромобил жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Иш-чара эстрада жылдыздарынын катышуусундагы шоу-концерт менен коштолот. Мындан тышкары көрүүчүлөр үчүн гана 15 смартфон ойнотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13150