Бишкектеги №61 мектептин мурдагы директору Низовскийге сот өкүм чыгарды
RU

Бишкектеги №61 мектептин мурдагы директору Низовскийге сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарды. Маалымат Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.

Документте айтылгандай, тергөө органдары Низовскийди мыйзамсыз түрдө сый акы алган деп айыпташкан:

  • 2022-жылдын 18-июль күнү саат 14:02 чамасында Юрий Низовский иш бөлмөсүндө кыргыз тили мугалими Т.А.дан 400 доллар алган. Анда мугалим тууганын башка мектептен аталган билим берүү мекемесине которуп, 3-класска киргизген;
  • 2022-жылдын 8-июлунда Низовский 11-класстын окуучусунун ата-энесин кеңсесинде кабыл алган. Алар уулу төртүнчү чейректе көп сандагы канааттандырарлык эмес баа алганын, бул анын жогорку окуу жайга тапшыруусуна таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айткан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Низовский белгилүү бир сый акы үчүн бааларды оңдоого жардам бере аларын билдирип, 18-июлда бааларды оңдогондугу үчүн мыйзамсыз түрдө 10000 сом өлчөмүндө сыйлык алган;
  • 2022-жылдын 8-августунда Низовский өзүнүн иш бөлмөсүнө Бишкек шаарындагы №25 мектептен №61 мектепке которууну каалаган Б.Тны кабыл алган. Низовский, тергөөгө ылайык, андан 12 миң сом алган.

Тергөөнүн жыйынтыгында Низовский Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз түрдө сый акы алуу" боюнча көрсөтүлгөн үч эпизод боюнча кылмыштарды жасаган деп айыпталган.

Отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнга албай, окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылбаганын айткан. Низовскийдин айтымында, айрым ата-энелер өздөрү ыктыярдуу түрдө мектепти оңдоо иштерине демөөрчү катары акча беришкен. Ал белгилегендей, ата-энелерден түшкөн каражат мектептин муктаждыктарына жана оңдоо иштерине жумшалган.

Биринчи Май райондук соту иштин эки эпизоду боюнча Низовскийди күнөөсүз деп таап, анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан актаган.

Бирок үчүнчү эпизоддо ал күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылган.

Эске салсак, Юрий Низовский 9-августта коррупциялык схемага шектелип кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал окуучулардын ата-энелеринен жана мектепке тапшырып жаткандардан мыйзамсыз түрдө акчалай сыйлык алып жүргөн. Ал эми мүлкүн жашыруу үчүн Низовский өзүнүн жакындарынын жана ишенимдүү адамдарынын атына мүлктөрдү каттатып койгон. Ал үй камагында болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13204