Бишкектеги №61 мектептин директору мыйзамсыз байыган деп кармалды
RU

Бишкектеги №61 мектептин директору мыйзамсыз байыган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Е.Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Юрий Низовский мыйзамсыз байыган деп айыпталууда. Анын 30-40 кыймылсыз мүлкү бар экени айтылууда. Учурда анын батиринде тинтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле ал иштеген мектепке жана кеңсеге мөөр басылган. Мектеп окуучуларынын ата-энелери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратына митингге чыгышты.

Эске салсак, буга чейин ата-энелер №61 мектептин директору Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылып митингге чыгышкан. Андан соң аларды билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7837