Коррупцияга шектелген мектеп директору Низовский үй камагына чыкты
RU

Коррупцияга шектелген мектеп директору Низовский үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коррупцияга шектелип кармалган Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Маалыматты анын жактоочусу Икрам Айткулов билдирет.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 10-августта Биринчи Май райондук соту Юрий Низовскийдин бөгөт коюу чарасын карады. Соттун чечими менен ал 16-сентябрга чейин үй камагында болот.

Юрий Низовский 9-августта коррупциялык схемага шектелип кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал окуучулардын ата-энелеринен жана мектепке тапшырып жаткандардан мыйзамсыз түрдө акчалай сыйлык алып жүргөн. Ал эми мүлкүн жашыруу үчүн Низовский өзүнүн жакындарынын жана ишенимдүү адамдарынын атына мүлктөрдү каттатып койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7854