Кызы, баласы менен кошо өлтүрүлгөн келиндин иши сотто каралды. Сүрөт
RU

Кызы, баласы менен кошо өлтүрүлгөн келиндин иши сотто каралды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү боюнча кылмыш иши каралды. Белгилесек, 5-кичи райондо келин жана анын кызы, баласы өлтүрүлгөн.

Соттук процесске Надырбек Токтосунов төрагалык кылды.

Айыптоо корутундусунан кийин Чынтемир Аширалиев күнөөсүн толугу менен мойнуна албай турганын билдирди.

Эске салсак, 16-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкектин 5-кичи районунан үч адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аял, кыз жана бала каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери үрөй учурган кылмышка шектүүнү кармашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13356