Садыр Жапаровдун Монголиядагы иш сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Монголиядагы иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктап, бүгүн, 11-июлда Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашат.

9-июлда Улан-Батор шаарында эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчылары кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында СадырЖапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Ошондой эле мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-монгол эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошол эле күнү мамлекет башчысы өлкөнүн премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэне жана Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекеттик сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров "Эрдэнэт" мамлекеттик ишканасына барды. Ал Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана болуп эсептелинет.

Мамлекет башчы чет өлкөлөргө экспорттолуп жаткан жез-молибден концентратын өндүргөн заводдун карьерин жана фабрикасын көрүп чыкты.

Ошол эле күнү кечинде Улан-Батор шаарында Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу "Чыңгызхан" музейине барышты.

Мамлекеттик сапардын жыйынтыктоочу күнүндө Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилигинин ачылышы болду.

Мындан башка мамлекет башчысы жана биринчи айым Монголиянын улуттук Наадам майрамынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13364