Коррупцияга шектелген президенттин тууганы камакта калтырылды
RU

Коррупцияга шектелген президенттин тууганы камакта калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун "Коррупция" беренеси боюнча карамлган тууганы Улан Жапаров камакта калтырылды. Бишкек шаардык сотунан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз каралды.

20-июлда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чыгарган токтомун өзгөртүүсүз калтырды.

Белгилесек, 6-июлда президенттин аталаш иниси Улан Жапаровдун кармалганы маалым болгон.

Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-июлга чейин камакка алынган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстарциялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13547