Ташиев Жаратылыш министрлигиндеги коррупция боюнча: Кутманова жакындарын аралаштарып алган
RU

Ташиев Жаратылыш министрлигиндеги коррупция боюнча: Кутманова жакындарын аралаштарып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашкан чиновниктерге катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Ал мисал катары Жаратылыш министрлигиндеги коррупция жана Динара Кутманованын жакындарын айтты.

"Жаратылышты коргоо министри болгон Динара Кутманова деген эжекебиз кечээ жакында эле араңарда отурган. Министрликтин алдында жаратылышты коргоо фондуна Кумтөрдөн жылына дээрлик 4 млн доллар бөлүнүп турган. Акыркы эки жарым жылда эле 1 млрд сомдой акча бөлүнгөн. 10дон ашык долбоорлор иштетилген. Бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон эффект жок. Миллиард сом да жок.

Баласын, сиңдисин, мурунку, кийинки тууган-уругун, досторун, бардыгын аралаштырып алган. Ушунун баары азыр - иштен кеткенден кийин аныкталды. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз.

Ошондуктан эртең кызматтан кетип калсам билинбей калат дебегиле, кууп жүрүп болсо да жазалайбыз", - деп эскертти.

Бүгүн, 20-июлда Министрлер кабинетинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жыйын өтүүдө.

Ушул жылдын март айында президенттин жарлыгы менен Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13525