УКМК Динара Кутманованын ишмердүүлүгү боюнча иш козгоду. Жакындары, үй кызматчысы кармалды
RU

УКМК Динара Кутманованын ишмердүүлүгү боюнча иш козгоду. Жакындары, үй кызматчысы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы 8 адам кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына жана "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун кызматкерлерине карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Иш боюнча УКМКнын маалыматында төмөнкүлөр айтылат:

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга "Кумтөр Голд Компани" тарабынан жыл сайын 3 млн 700 миң доллар (325 млн сом) бөлүнөт. 3 жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 миллион 568 миң сомду түздү. Көрсөтүлгөн акчанын 789 миллион 568 миң сому жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга фонд тарабынан берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, фонд, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана "Ходжаев" ЖКнын ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз эле жалпы суммасы 34 млн сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Мыйзамсыз келишимди экс-министр К.Д.А. түзгөн, ал эми "Хожаев" компаниясы экс-министрдин уулунун жакын досунуку.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, жогорудагы форманын баасы өлкөнүн базарларында 11 миллион сомдон ашпайт. Ортодогу 23 миллион сомдук айырманы К.Д.Анын үй-бүлөсү өздөштүргөн.

Эксперттик комиссиянын 3 отуруму К.Д.А. тарабынан туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббирлөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталган. Ошондой эле экс-министрдин көрсөтмөсү менен төртүнчү жыйын формалдуу түрдө өткөнүн Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү тастыктады.

Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт. Каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча - максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктоо менен экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн каржыланган. Бюджеттик каражаттарды түз алып кетүүгө өзүнчө долбоорлор шылтоо болгон.

Мындан тышкары Жаратылыш ресурстар министрлигинин жана фонддун ишине экс-министрдин уулу К.К. түздөн-түз кийлигишкени тууралуу далилдер түшкөн. Долбоорду каржылоонун суммасынан 10% каражаттарды алып турушкан. Фондун директорунун көрсөтмөсү боюнча, 5 чарбалык субъектиден 17 миллион сомдон ашык сумма компенсация алынган.

Ошондой эле экс-министрдин эжеси А.Г.Анын көрсөтмөсүнө караганда, К.К. "Жашыл Мурас" коомдук фондунун долбоору боюнча 7 млн ​​560 миң сом алган. Бул боюнча А.Г.А. кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу үй камагына бошотулган.

Дагы бир факты – Чүй районундагы кичи ГЭСти курууга "Э.К." коомдук фондунун эсебине 23 миллион сом которулган. Аталган фонддун директору чындыгында экс-министрдин үй кызматчысы болуп иштейт. Бөлүнгөн 23 миллион сомдун 15 миллионун К.Д.Анын үй-бүлөсү өздөштүргөнү аныкталган.

Кылмыш иши козголгондон бери төмөнкү адамдар кармалып, айыпталуучу катары жоопко тартылды:

  • С.К.Р. - Жаратылыш ресурстар министринин мурдагы биринчи орун басары, эксперттик комиссиясынын төрагасы,УКМКнын СИЗОсунда;
  • И.Б.М. - Жаратылыш ресурстар министринин экс-орун басары, УКМКнын СИЗОсунда;
  • К.Т.К. - Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын директору, эксперттик комиссиясынын мүчөсү, УКМКнын СИЗОсунда;
  • К.Ж.Т. - "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун директору, УКМКнын СИЗОсунда;
  • О. уулу Э. - Фонддун экологиялык долбоорлор боюнча мониторинг адиси, үй камагына чыгарылган;
  • А.Г.А. - Экс-министр К.Д.Анын жакын тууганы;
  • Х.Ш.Т. – жеке ишкер, экс-министрдин үй-бүлөсү менен жакын мамиледе, УКМКнын СИЗОсунда;
  • М.А.М. - "Э.К." коомдук фондунун директору, экс-министрдин үй кызматчысы, УКМКнын СИЗОсунда.

Учурда УКМК тарабынан башка фактыларды жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жакынкы арада экс-министр К.Д.А.нын катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүзүү пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13569