Мамлекеттик тил мыйзамы боюнча Лавровдун пикирине Садыр Жапаров жооп берди
RU

Мамлекеттик тил мыйзамы боюнча Лавровдун пикирине Садыр Жапаров жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынышына карата пикирин билдирди. Ал бардык мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү кылуу демократияга жатпай турганын, мамлекеттик кызматкерлерден тышкары буга мугалимдер, дарыгерлер кошулганын айткан. Буга өлкө башчы Чадыр Жапаров жооп кылды.

Ал "Кабар" агенттигине берген маегинде мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок дейт.

"Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок.

Орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар, нормалар кала берет.

Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны "сен кыргызча билбейт экенсиң" деп кызматка албай коёбузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп жатпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп жатабыз да.

Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар, жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз.

Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи", - дейт Жапаров.

Белгилесек, 17-июлда президент "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койгону белгилүү болду. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде кыргыз тили колдонулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13598