"Дубровский" ресторанынын ээси кайрылуу жасады. Видео
RU

"Дубровский" ресторанынын ээси кайрылуу жасады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Дубровский" рестораны мэриянын менчигине өткөндөн кийин кызуу талкуу башталды. Ресторандын айланасындагы кырдаал боюнча мэрия түшүндүрмөлөрдү берди.

Андан тышкары ресторандын кожоюну Валерий Серков четте калбай, талкууга аралашып, кайрылуу жасады. Ал "Бишкек мэриясы ресторанды мыйзамсыз тартып алган" деген маалыматты төгүндөдү.

"Социалдык тармактарда мунун айланасында аябай ызы-чуу болуп, мэрия тартып алды деген сөздөр айтылууда. Бул чындыкка дал келбейт. Ооба, Бишкек мэриясынан мага имаратты демонтаждоо боюнча билдирүү тапшырышкан. Мен бул имаратты 3 жыл кургам, ошол үчүн ал мага баалуу. Ошондуктан өз каалоом менен имаратты шаардыктардын муктаждыгына пайдалануу үчүн бердим. Ал жерде ресторан болбойт, албетте. Менимче ал жер эми тез жардам унааларынын станциясы болот деп ойлойм. Имаратты бузуп салуу максатка ылайыксыз, ал биздин шаарга пайда алып келиши керек. Баарынын көзүнчө билдирем, мага сиз тараптан эч кандай басым болгон жок. Бул кабинетте биз канча жолу талкуу жүргүздүк, сиз мага абалды түшүндүрдүңүз. Ошондуктан ресторан таштандыга айланганча шаардыкы болсун", - деди ал.

Ал эми вице-мэр Нурдан Орунтаев чакан жана орто бизнести колдоо максатында ресторандын ээсине башка жерден жер тилкеси бөлүнүп берилерин айтты.

"Көрсөткөн көмөгүңүз үчүн сизге чоң ыраазычылык билдирем. Бул өтө чоң жардам. Бүгүн биз имаратты кайсы максатка пайдалануу боюнча алдын ала варианттарды карап чыктык", - дейт Орунтаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13812