"Демонтаждалат". Менчикке өткөн ресторан боюнча мэрия дагы бир жолу түшүндүрмө берди
RU

"Демонтаждалат". Менчикке өткөн ресторан боюнча мэрия дагы бир жолу түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Дубровский" ресторанынын имараты мэриянын муниципалдык менчигине өткөнү, мүлктү кожоюндар өз каалоосу менен тапшырганы тууралуу маалымат интернетте талкуу жаратты. Ресторандын айланасындагы кырдаалга байланыштуу Бишкек мэриясы түшүндүрмө берди.

"Ресторандын ээлери тарабынан ижарага алынган жер участогу 3700 чарчы метрди түзөт, анын ичинен 493 чарчы метрге ресторан түрүндөгү турак эмес жай жайгашкан. Ошондой эле жанаша аймакта коомдук тамактануу муктаждыктары үчүн башаламан курулган чарбакер субъекттер бар (азыктарды сактоо, тамак-аш даярдоо ж.б.), аларсыз мекеменин администрациясы өз ишин санитардык жана өрт ченемдерине ылайык жүзөгө ашыра алмак эмес.

Белгилей кетсек, аянты 3200 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан чарбалык курулуштар мурда пландаштырылгандай демонтаждалат.

Бошотулган жер тилкеси "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын кызыкчылыгы үчүн кирүү жана чыгуу процесстерин жөнгө салуу, ошондой эле автопаркты кеңейтүү (оңдоо жайларын, унаа токтотуучу жай үчүн кошумча аянтты уюштуруу) максатында пайдаланылат", - дешти мэриядан.

Эмне үчүн демонтаждоо жөнүндө билдирүү таратылганы боюнча мындай түшүндүрмө беришти.

"Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык тарабынан чарбалык курулуштарды демонтаждоо жолу менен муниципалдык жер участогун бошотуу жөнүндө билдирүү берилген. Бирок ээси Бишкек шаарынын социалдык муктаждыктары үчүн аянты 493 чарчы метр турак эмес жайды муниципалитетке акысыз негизде өткөрүп берүү ниетин билдирди", - деп кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13808