Пляжда каза болгон жигиттин окуясы. Садыр Жапаров ишти жеке көзөмөлүнө алды
RU

Пляжда каза болгон жигиттин окуясы. Садыр Жапаров ишти жеке көзөмөлүнө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда каза болгон 23 жаштагы жигиттин окуясына Садыр Жапаров реакция кылып, ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Садыр Жапаров коомчулукта резонанс жараткан Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 6-августтун таңында "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Маркум ур-токмоктон каза болгонун агасы менен достору айтып, адилеттүү териштирип берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милиция ур-токмок болбогонун, маркум эпилепсиядан каза болгон деген версияны айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13839