Автокырсыктан каза тапкан Айза Уландын агасы ишти УКМКга өткөрүп берүүнү суранды
RU

Автокырсыктан каза тапкан Айза Уландын агасы ишти УКМКга өткөрүп берүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгынан каза тапкан курсант Айза Уландын агасы башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасады. Ал милицияга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кылмыш иши боюнча тотполгон материалдарды УКМКга өткөрүп берүүнү суранат. Бул туурасында жабырлануучу тараптап Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Айтымдарында, ишенимсиздикке айыпталуучулардын бири мурдагы милиция кызматкери экендиги себеп болгон.

"Бизге белгилүү болгондой, айыпталуучулар У.Н.А. жана У.Б.Т`га карата топтолгон материалдар Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө тобунун жетекчиси тарабынан 8-июнда өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Аларга прокурордун ишине, тергөөчүнүн, тергөө органынын ишине ар кандай формада кийлигишкен жана коркунуч туудурган деген айып тагылган.

Биз тергөөнү Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы жүргүзөт дегенге макул эмеспиз. Буга чейин биздин жактоочу Бишкектин ШИИББдин жетекчилигине арыз менен кайрылган. Бирок биздин кайрылуу негизсиз четке кагылды. Мындан улам кылмыш ишин УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурасына кайрылдык", - деди Ырыс Тураркулов (маркум Айза Уландын бир тууган агасы).

Жабырлануучу тарап жол кырсыгы жана Айза Уланды коркунучта калтырып кеткен факты боюнча негизги иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп, соттук териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 9-январда ИИМдин Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза Улан Бишкектин Республика көчөсү менен жолдон өтүп бара жаткан. Ошол учурда Жибек Жолу проспектисинен Toyota Runx унаасы кызды сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Автокырсык боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголуп, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери У.Н.А. кармалып, бирок саламаттыгына байланыштуу сот аны үй камагына чыгарган.

Кийинчерээк шектүү тажрыйбасынан пайдаланып, баласынын бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берген. Муну менен уулун кылмыш жоопкерчилигине сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган. Натыйжада ата-бала тең кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13855