Бостериде каза тапкан жигиттин окуясы. Экинчи ирет экспертиза дайындалды
RU

Бостериде каза тапкан жигиттин окуясы. Экинчи ирет экспертиза дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда каза болгон 23 жаштагы Бекболоттун жакындары экинчи ирет экпертиза жасатты. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтына жабырлануучу тарап билдирди.

Айтымдарында, Бекболоттун сөөгүн 7-августта кичи мекенинде жерге беришмек.

"Ичимдикке ууланды, эпилепсиясы кармап каза болду деген маалыматтардан кийин инибиздин сөөгүн жерге бербей Таластан дагы экспертиза жасаттык. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Иним ур-токмоктон каза болгон. Денеси көгала, чекесине муш тийген, башынын артында гематома бар. Менде сүрөт, видеолору бар. Ушул ишти калыс карап берсеңиздер жакшы болмок. Бизге адилеттүүлүк керек", - дейт маркумдун агасы.

Эске салсак, 6-августтун таңында "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Маркум ур-токмоктон каза болгонун агасы менен достору айтып, адилеттүү териштирип берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милиция ур-токмок болбогонун, маркум эпилепсиядан каза болгон деген версияны айтышкан. Биринчи экспертизаны Ысык-Көлдө жасалган.

Бул каргашага президент Садыр Жапаров реакция кылып, жеке көзөмөлүнө алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13859