Бишкекте коомдук транспортто уурулук кылган топ кармалды. Видео
RU

Бишкекте коомдук транспортто уурулук кылган топ кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн буюмдарын уурдоого аракет кылган топту кармады.

Белгилесек, 12-августта интернетте коомдук транспорттун салонунда бейтааныш адамдар жүргүнчүлөрдү отвертка менен коркутуп жаткан видео тараган. Мындан тышкары 10-августта шаар тургуну бейтааныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган. Арызында көрсөтүлгөн күнү саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортто бара жатып, капчыгын уурдоого аракет кылганын, капчыкты ала албай калган соң, баласына жаракат келтиргенин билдирген.

10-августта дагы бир жаран милицияга кайрылып, 8-августта маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун уурдатып жибергенин байкап, кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүп, урууга аракет кылышканын айткан.

Айтылган фактылар боюнча райондук бөлүмдөрдүн тергөө кызматтары тарабынан 207-берене (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери чөнтөкчүлөрдү кармап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Алар мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган К.Ж., 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И., 2001-жылы туулган Ж.К. жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар экени аныкталган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 2006-жылы туулган шектүүнү камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына тандалган.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ар кандай үлгүдөгү 6 уюлдук телефон табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13951