Рамзан Кадыровду сындаган активист СИЗОго киргизилди
RU

Рамзан Кадыровду сындаган активист СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечен активисти Мансур Мовлаевди 21-октябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилет.

Эске салсак, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова 20-августта "Манас" аэропортунан чечен активисти Мансур Мовлаевдин кармалганын жазган.

Кийин УКМКдан расмий маалымат беришип, Мовлаев Ысык-Көл облусунан кармалганын, ал экстремисттик-террордук уюмду каржылоо максатында Кыргызстандагы колунда бар жарандарды карактап, кол салууларды жасоо ниетинде мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды деген билдирүү жасашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14050