Крим төбөл Сакалды СИЗО-1ден которушту
RU

Крим төбөл Сакалды СИЗО-1ден которушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сакал каймана аты менен жүргөн кримавторитет Улан Токтосуновду Бишкектеги СИЗО-1ден №27 түзөтүү колониясына которушту. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, Улан Акмолдоевич Токтосуновдун өзүнүн жана анын жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусун эске алып, Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясы аны №27 мекемеде катуу шартта камерага камоо чечимин кабыл алды.

Буга чейин Токтосуновду СИЗО-1ге которуп жатканын жактоочусу жана жакындары айтышкан. Алар Токтосуновдун өмүрүнө кооптонуп жатканын билдиршкен. Кийинчерээк Жаза аткаруу кызматы Улан Токтосуновду Нарындан Бишкекке эмнеге которуп жатканын түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14127