Курманкул Зулушевдин коррупцияга шектелген кайниси үй камагына чыкты
RU

Курманкул Зулушевдин коррупцияга шектелген кайниси үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин коррупцияга шектелген кайниси үй камагына чыкты. Мындай маалыматты Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Анда айтылгандай, шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн УКМКнын Башкы тергөө кызмтынын тергөөчүсү келтирген.

"Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, Н.Н.Кны үй камагына чыгарган. Кийинчерээк үй камагына чыгаруу тууралуу чечим дагы узартылып, Н.Н.К. 14-сентябрга чейин үй камагында болот", - дешти соттон.

Белгилесек, май айында УКМК Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажы кызматкерлери менен ишкерлердин кармалганын билдирген. Алдын ала эсептөө боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Ведомстводон кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары да бар экенин айтышкан.

Кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси экенин тастыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14154