Ташиев бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган башкы прокурордун кайниси боюнча айтты
RU

Ташиев бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган башкы прокурордун кайниси боюнча айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар делинип март айында кызмат адамдары кармалган. Арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экени маалым болгон. Бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча тергөө тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде токтолду.

"Башкы прокурордун жакыны кесиптештери жана ишкерлер менен жалпы 10 адам коррупциялык схеманы уюштурушкан. Алар Кытайдан келген товарларды Оштогу кампага түшүрүп калышат, андан кийин товарлар Өзбекстанга чыгып кетти деп бажы мөөрүн басышкан. Бул жерде акциздер, бажы алымдары төлөнбөй калды. Ар бир унаадан 50 миң доллардын тегерегинде зыян тартып жатабыз. Ал эми унаа Өзбекстанга бош эле өтүп кеткен. Биз 19 транспортту кармадык. Тиешеси бар адамдарды изтештире келгенде башкы прокурордун кайниси да бар болуп чыкты. Баары эле башкы прокурордун тууганы болсо жоопко тартылбаса керек дешкен. Анча-мынча прокуратура кызматкерлери кошомат кылдыбы билбейм "ушуну камабай эле койгула" деп аракет кылышкан. Ошого карабай ал камалды, бүгүнкү күндө камакта. Ал эми мамлекетке келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду", - дейт Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12534