Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери аяктады
RU

Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна (Ноокат) асфальт төшөө иштери аяктады. Бул туурасында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Айтымында, Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Алдыда жол сызыктары чийилип, 1-сентябрга чейин жол белгилери орнотулуп, жумуштар толук жыйынтыкталат.

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырым аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11- чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Министр белгилегендей, бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде (Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910 чакырым аралыгында) жүргөн. Жаңы келген 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош-Баткен-Раззаков жолуна жеткирилип, атайын алынып келинген унаалар ишти кыйла ыкчамдатты.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери убада берилип, бирок жасалбай келген Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган. Анда министр Ноокаттын жолун 1-сентябрда бүтүрүүнү убадалаган. Июль айында Министрлер кабинетинин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрге эскертүү берип, "иш убагында бүтпөсө арыз жазасыз" деген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14179