Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин камакка алынды
Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карады.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган. Тергөө судьясы Тилек Турдукулов Мадумаровду 24-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечимин кабыл алды.
Эске салсак, депутат 2-сентябрда үйүнүн жанынан сейилдөө учурунда кармалган, ал учурда Адахан Мадумаров уулу менен жүргөн. Анын иши 2009-жылы кол коюлган протоколго байланыштуу.
Адахан Мадумаровдун кармалышы
(9 статей)
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзө алган жок
20 Сентябрь 2023, 11:03
Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды
14 Сентябрь 2023, 09:05
Адахан Мадумаровдун тарапташтары соттун алдына топтолушту
13 Сентябрь 2023, 16:02
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14224