Парламентте Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат ант берди
RU

Парламентте Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат ант берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Равшанбек Рысбаев парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында ант берди.

"Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиевдин айтымында, Рысбаев бул топко кирүү каалоосун билдирген. Тиешелүү чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Рысбаев Жогорку Кеңешке БШКнын комиссиясынын чечими менен мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.

Эске салсак, шайлоо өнөктүгү маалында талапкер Бакировдун аракеттери боюнча арыздар түшкөн. Ош ОИИБи 2021-жылдын 7-ноябрында №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча бир мандаттуу депутаттыкка талапкер Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы ичүүчү суу жана жолдорду оңдоо маселелерин чечип берүүнү үгүт учурунда убадалаганын билдирген. 9-ноябрга караган түнү талапкердин атынан 57 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык курулуш кампасына 149 миң сомдон ашык 30 тонна цемент жеткирилген. Бул боюнча башкармалыктан "Кылмышка шериктеш болуу" жана "Шайлоочуларды сатып алуу" беренелери боюнча тергөө жүрүп жатканын билдиришкен. Мындан тышкары талапкердин өкүлдөрү ээсинин өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексинин "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча жосунсуз жорук жасаган деп шектелген.

18-августта Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланган №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырды. 29-августта Бакиров Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка жеткирилген. Ага Жогорку Кеңешке шайлоодо добуштарды сатып алуу боюнча да айып тагылган. Ага эч жакка кетпөө тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми жактоочу айып коюуга негиз жок деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14277