Эрулан Кокулов: Мектептерден китеп табуу - Нарын дарыясынан крокодил тапкандай эле
RU

Эрулан Кокулов: Мектептерден китеп табуу - Нарын дарыясынан крокодил тапкандай эле

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министрлигин мектептерди китеп менен камсыз кыла албай жатканы үчүн сынга алышты.

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда Мирлан Самыйкожо кесиптештерине кайрылып, китептерди алууга маянадан акча бөлүп берүүнү сунуштады.

Ал эми Камила Талиев окуу башталып калганы менен ата-энелер бүгүнкү күндө да базарларда китеп издеп жүргөнүн, мурдагы китеп мафиясы токтой электигин белгиледи.

Миргуль Темиралиева ведомство бул маселени жаңы окуу жылы башталганда эмес, мурдагы окуу жылында эле карап башташы керек болчу деген пикирин айтты.

Бир катар кесиптештеринин китеп көйгөйү боюнча пикирлеринен кийин Эрулан Кокулов аларды кайталабай, бир эле сөз айтайын деди.

"Бүгүнкү күндө мектептерден китеп табуу - Нарын дарыясынан крокодил тапкандай эле", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14293