Парламентте депутаттардын айлыгынан китеп алууга акча бөлүү сунушталды
RU

Парламентте депутаттардын айлыгынан китеп алууга акча бөлүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мирлан Самыйкожо кесиптештерине кайрылып, китептерди алууга маянадан акча бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 7-сентябрдагы парламент жыйынында айтты.

"Билим берүү тармагы китептерге муктаж болуп жатат. Бул келечегибиз үчүн чоң маселе. Китепке 5 миллиард сом акча керек экен. Биз айлыгыбыздан бөлүп берели. Мекемелер улантсын, азаматтар улантсын. Мен ушуну сунуш кылат элем, айлыктан акча бөлүп, биз баштап берели", - деди ал.

Ал эми Камила Талиев окуу башталып калганы менен ата-энелер базарларда китеп издеп жүргөнүн, мурдагы китеп мафиясы токтой электигин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14289