"10 миң сомго китеп алат деген эмне?". Депутат китеп мафиясы дагы деле токтой элек дейт
RU

"10 миң сомго китеп алат деген эмне?". Депутат китеп мафиясы дагы деле токтой элек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Камила Талиева китеп мафиясы дагы деле уланып жатканын айтты. Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында эл өкүлү ата-энелер базарлардан, жер алдындагы өтмөктөрдөгү күркөлөрдөн китеп издеп жүрүшөт дейт.

Айтымында, жаңы окуу жылына карата жакшы саясат жүргүзүлүшү керек болчу.

"Автоматташтырылган маалымат тутумунан алган маалымат боюнча, быйыл китеп менен камсыз кылуу 80,51% деп берилиптир. Бирок чындыгында ата-энелер паникага түшүп, базарлардан, жер алдындагы өтмөктөрдөн китеп издеп жүрүшөт. 10 миң сомго китеп алдым деген ата-энелер бар.

Анда Баш мыйзамга билим берүү бекер деп эмнеге жазып коёбуз?

Китеп менен камсыздоо боюнча чоң көйгөй бар экен. Учурунда жеке типографиялар менен келишип алып, китеп мафиясын түзүү боюнча учурунда министрлерге иш козголгон.Бүгүнкү күндө да ошол мафия токтобой жатат", - деди ал.

Камила Талиева ата-энелерге оор болуп жатканын айтып, бул саясат жөнгө салынышы керектигин талап кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14287