Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы боюнча комиссия түзүү сунушталды
RU

Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы боюнча комиссия түзүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы боюнча комиссия түзүү сунушталды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев айтты.

Эл өкүлү БШК №81 токтому менен Бакировдун мандатын мыйзамсыз алып койду деп эсептейт.

"Биз бул токтомдорду мыйзамсыз деп эсептейбиз. Анткени райондук, шаардык административдик жана Жогорку Сот Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча шайлоо жокко чыгарылсын деген чечим чыгарган. Бирок БШК өз алдынча токтом токуп, башка адамга мандат тапшырып, арабызга депутат кылып кошуп койду. Аны жеңүүчү деп эл да, соттор да тапкан жок. БШКнын өкүлдөрү мандатты кандайча тапшырганын бизге түшүндүрүп беришсин. Биз алардын жообуна жараша депутаттык комиссия түзөлү, бул маселени карап чыксын", - деди ал.

Кесиптешинин мындай сунушун Дастанбек Жумабеков да колдоду. Айтымында, эки жылдан кийин добуш сатып алуу болгон экен деп мандатын алып коюу табышмактуу болуп жатат.

Белгилесек, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы августтун аягында Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан.

6-сентябрда анын ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болуп, Жогорку Кеңеште ант берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14377