Нурсултан Майназаров Гүлзат Мамытбектин айыптоосун четке какты
RU

Нурсултан Майназаров Гүлзат Мамытбектин айыптоосун четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Гүлзат Мамытбек атайын чакырылган иш-чарада сүйлөйүн десе микрофонун өчүрүп салышканын айтып, видео жарыялаган. Ал уюштуруучулардын, белгилүү алып баруучулар - Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровдун атын атап, нааразычылыгын билдирген.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн экинчи тарапка дагы байланышып көрдүк. Алып баруучу Нурсултан Майназаров жок жерден эле жаманатты болгонун айтат.

"Мен иш-чарага башынан катышкан эмесмин. Гүлзат Мамытбек конок болгон иш-чарага мен 16:00дөн кийин баргам. Ал эми Гүлзат айым саат болжол менен 14:00дө сөз сүйлөгөн. Мен ал учурда иш-чарада жок болчумун. Конференцияда Гүлзат айым экөөбүз кезиккен эмеспиз", - деди.

Блогер Гүлзат Мамытбектин айткандарына шоумен Санжар Мыкыев шок болгононун билдирди. Ошондой эле кадыр-баркка шек келтирүү боюнча сотко берейин деп жатканын кошумчалады.

Белгилесек, Гүлзат Мамытбек видеону соцтармактагы баракчасынан өчүрүп, уюштуруучулар кечирим сураганын, эч кимге таарынычы жок экенин айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14484